@super.kg_official

SUPER.KG

Kyrgyzstan

Instagram posts and videos uploaded by super.kg_official

super.kg_official

Мекенине кайтып келген музыкант Викрам Рузахунов ага эч кандай кыйноолор болбогонун айтты. Ал бул тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. "Мен акча алып митингге келдим деп тараган видео боюнча айта турган болсом, мындай нерсени камерада отургандардан угуп анан жасадым. Анткени ушундай кайрылуу жасап, акча үчүн митингге келгенимди айта турган болсом, ошол жерден өлкөгө кайтарышарын айтышты. Анан ушундай кадамга бардым. Мени эч ким кыйноого алган жок. Ал эми бетимдеги көк ала тактар 7-январда аскер кызматкерлери кармоо учурунда болду", - деди Рузахунов.

January 10, 2022

super.kg_official

January 10, 2022

super.kg_official

Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасына кайтып келүүнү каалаган Кыргыз жарандарына жардам көрсөтүү боюнча иштерди улантууда. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан билдиришти. Казакстандын аймагында, айрыкча Алматы шаарынын аймагында жүргөн жарандарыбыз төмөнкү телефон номерлери аркылуу Кыргыз өлкөсүнүн Алматы шаарындагы Башкы консулдугу менен үзгүлтүксүз байланышта болууну сунуштайт: +7 777 8150072 Кайрат Жакыпов +7 777 0371448 Гульзат Абдурасулова +7 777 0275596 Жаркынай Сансызбаева +7 775 4634295 Медер Сапаралиев. Ошондой эле консулдук-укуктук мүнөздөгү маселелер боюнча кеңеш алуу, кайрылуулар үчүн Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинде, Кыргыз өлкөсүнүн Казакстандагы элчилигинде ыкчам байланыш телефондору иштеп жатат. ТИМдин Консулдук кызмат департаменти: +996 551 312 000 - ыкчам байланыш номери +996 555 007 626 +996 708 522 137 +996 707 989 895 +996 709 983 465. Кыргыз өлкөсүнүн Нур-Султан шаарындагы элчилиги: +7 (776) 124-88-33 +7 777 4733009.

January 10, 2022

super.kg_official

Казакстанда баш аламандыкка тиешеси бар деп кармалган кыргыз музыканты Викрам Рузахунов бошотулду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, ал Кыргыз өлкөсүнүн Казакстандагы башкы консулу Назарали Араповдун катышуусундагы белгиленген процедуралардан өткөрүлгөндөн кийин коё берилген. Тышкы иштер министрлигинин Казакстандын аймагында жүргөн Кыргыз жарандары үчүн ыкчам байланыш телефондору. Бул боюнча Тышкы иштер министрлиги жана ИИМ аталган жарандын кармалышы боюнча жагдайларын тактоого тиешелүү чаралар жүргүзүлүп жатканын билдиришти. Президент Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Викрам Рузахуновдун кармалышы боюнча пикирлерин айтышкан.

January 10, 2022

super.kg_official

Казакстандагы кыргыз аскерлери маанилүү стратегиялык объектини кайтарууга алды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Казакстанга жөнөтүлгөн тынчтык орнотуучу кыргыз аскерлери Алматы шаарынын ЖЭБ-2 маанилүү стратегиялык объектисин кайтарышууда. "ЖККУга мүчө-мамлекеттердин тынчтык орнотуу күчтөрүнүн азыркы учурдагы негизги милдети – Казакстандын өзгөчө маанилүү жана стратегиялык объектилерин коргоо жана кайтаруу болуп саналат”, - деп айтылат министрликтин маалыматында. Кыргыз аскерлери Казакстанга 7-январда жөнөтүлгөн.

January 10, 2022

super.kg_official

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Казакстандагы кырдаал жана ал жактагы мекендештерибиз тууралуу пикирин Фейсбук баракчасына жазды. Анда Кыргыз жарандары башка өлкөдө саясий ички иш-чараларга катышып, башаламандык, талап-тоноочулукка таптакыр жолобой тургандыгын жана кошуна өлкөнүн тиешелүү органдарын ар кандай чагымчылдык аракеттен алыс болууга чакырган. Ошондой эле Викрам Рузахуновдун окуясы коомчулуктун көңүл борборунда болуп, бийликтин ыкчам аракети менен бошотулганын жана Викрам сыяктуу бейкүнөө айыпталып жаткан ар бир жараныбызды коргоп алуу милдети турганын жазган. “Казакстандын бир нече шаарларынан жарандарыбыз азыр да кайрылууда, окуя болгон күндөн тарта эле биз ТИМ, күч органдары менен байланыш түзүп берип, коопсуздукту камсыздоо боюнча колубуздан келгенче аракетибизди жасап келатабыз. Урматтуу Казакстанда эмгектенип, жашаган мекендештер, кандайдыр бир маселе жаралса ушул телефондорго чалыңыздар деп ТИМ маалымат таратты, түндүк тарапта болсо элчиликке, түштүк тарабында консулдукка. Бүгүн эле Шымкенттеги жарандарыбыздын үйүнө чейин келип, суракка алган факты боюнча да ТИМге жана ИИМге жибердим. Биздин мекендештер башка өлкөдө саясий ички иш-чараларга катышып, баш аламандык, талап-тоноочулукка таптакыр жолобойт. Алар ак ниеттүүлүк менен өз жумуштары менен гана алек. Керек болсо Кыргыз өлкөсүндөгү соңку ыңкылапта да бир дүкөн тонолгон жок. Ар кандай чагымчылдык аракеттен алыс болушса кошуна өлкөнүн тиешелүү органдары. Викрам Рузахуновдун окуясы буга далил, Викрам го атактуу музыкант болгону үчүн коомчулуктун көңүл борборунда болуп, биздин бийликтердин ыкчам аракети менен бошоду. Бирок азыр Викрам сыяктуу бейкүнөө айыпталып жаткан ар бир жараныбызды коргоп алуу милдети турат. Бир да жараныбыз жабыркабаш керек, бул үчүн өз ыйгарым укугубуздун алкагында аракетибиз токтобойт”, - деп жазган Акаев.

January 10, 2022

super.kg_official

Казакстанда кармалган "Дикий Арман" каймана аты менен таанылган крим төбөл делген Арман Жумагелдиев кыргыз модели Айкөл Аликжанованын күйөөсү. Бул тууралуу интернет колдонуучулары жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, Арман Жумагелдиев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына 2021-жылдын 25-ноябрында Мариям-Медина аттуу кыздуу болгонун жазган. Ал эми, Айкөл Аликжанова бул билдирүүнүн астына билдирүү калтырган. Аликжанова 28-ноябрда өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына дагы Мариям-Медина аттуу кыздуу болгонун жазган. Социалдык тармактаын колдонуучулары жубайлар Стамбул шаарында жашаарын жазышты. Айкөл Аликжанова модель жана актриса. Ал 2014-жылы "Мисс Кыргызстан" наамын жеңип алган. Арман Жумагелдиев 7-январда Казакстандан кармалган.

January 10, 2022

super.kg_official

Жамбыл обусунун ички иштер бөлүмүнүн бышчысы Жанат Сулейменов өз жанын кыйды. Бул тууралуу "Интерфакс-Казахстан" маалымат каражаты жазып чыкты. Маалыматка ылайык, ал Казакстандагы баш аламандык боюнча ага карата кылмыш иши козголгондон кийин өз жанын кыйган. Ал эми азыркы учурда окуянын себептери иликтенүүдө.

January 10, 2022

super.kg_official

Орусиялык блогер Илья Варламов кыргыз музыканты Викрам Рузахунов Казакстанда баш аламандыкка катышты деп кармалганы боюнча пикирин Инстаграм баракчасына жарыялады. "Айтор, казактар ​​биринчи жолуккан кыргызды кармап, уруп-согуп, камерага кандайдыр бир 200 долларга чейин сөздөрдү айтууга мажбурлашкан. Ошол эле маалда алар кимди кыйнап, өздөрүн күнөөлөгөнгө аргасыз кылганын ойлонгонго убара болушкан эмес. Токаевге тышкы душмандын кереги жок болчу. Казак бийлигинин тышкы душмандарды издөө аракети жагымсыз окуяга алып келди. Бул жерде коңшулар менен мамилени бузууга алып келет. Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлиги нааразычылык билдирип, түшүндүрмө берүүнү талап кылууда", - деп жазып калтырган Варламов. Буга чейин Казакстандагы телеканалдардын биринде баш аламандыкка катышкандардын бири Кыргыз өлкөсүнөн учуп баргандыгын айткан видео көрсөтүлгөн. Андан соң интернет колдонуучулары видеодогу жаран жаз музыканты Викрам Рузахунов экендигин жазышкан. Бул боюнча Тышкы иштер министрлиги жана ИИМ аталган жарандын кармалышы боюнча жагдайларын тактоого тиешелүү чаралар жүргүзүлүп жатканын билдиришти. Президент Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Викрам Рузахуновдун кармалышы боюнча пикирлерин айтышкан.

January 10, 2022

super.kg_official

Коңшу Казакстандын Алматы шаарында орун алган баш аламандыкта каза болгондордун ичинде Кыргыз жарандары дагы бар. Бул тууралуу "Помогать легко" кайрымдуулук фондунун башчысы Динара Аляева социалдык тармактагы баракчасына жазды. "Алматы шаарында каза болгондор жөнүндө расмий маалымат бар. Бул 100дөн ашуун киши, андан 2 же 3 эсе дагы көп болушу мүмкүн. Каза болгондордун ичинде Кыргыз жарандары дагы бар. Алар Казакстанда иштеген же убактылуу барган жарандар. Туугандары алардын сөөгүн алып чыга албай жатышат. Тышкы иштер министрлиги, Садыр Жапаров, биздин жарандарга жардам берүү үчүн штаб уюштургула!", - деп жазды ал. Эске сала кетсек, Казакстандын шаарларында нааразычылык акциялары 4-январда башталган. Митинг полиция менен кагылышууга жана тополоңго чейин жетти. Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, өкмөт отставкага кетти. Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуудан жалпы 164 адам каза болду.

January 10, 2022

super.kg_official

Президент Садыр Жапаров 10-январдан тартып кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыкты. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекет башчы өлкөдөгү жана чөлкөмдөгү кырдаал тууралуу толук маалымат алып турат. Министрлер кабинетинин жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилиги менен байланышта болот.

January 10, 2022

super.kg_official

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 2-январда Жаңы-Өзөн шаарында башталып, 4-январдан баштап бүтүндөй өлкөдө башталган нааразычылык акцияларынан улам күнүнө 2 гана сааттан уктаган. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Берик Уали билдиргенин аталган өлкөнүн басылмалары жазышты. "Ачыгын айткым келет, Касым-Жомарт Кемелевич Токаев 4-январда Мангыстау облусундагы митингдер масштабдуу болуп, өлкөнүн бардык аймактарына жайылып кеткенден бери Акордада өзүнүн иш ордунда. Ал кырдаалды турукташтыруу үчүн эң чечкиндүү чараларды көрүп, өлкөнүн башкаруу пультун колуна кармап турат. Өлкө башчысы бардык аймактарда акырындап конституциялык мыйзамдуулук калыбына келтирилип жатканын айтты. Ошондуктан өлкө үчүн оор мезгилде интенсивдүү иш тартибинде уктоого убакыт табуу абдан кыйын экенине ынандым. Менин оюмча Касым-Жомарт Кемелевич бул убакыт аралыгында орточо эсеп менен күнүнө 2 сааттан гана уктады", - деген ал. Эске сала кетсек, Казакстандын шаарларында наарзычылык акциялары 4-январда башталган. Митинг полиция менен кагылышууга жана тополоңго чейин жетти. Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, өкмөт отставкага кетти. Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуудан жалпы 164 адам каза болду.

January 10, 2022

Similar accounts

nurlannasip_kg

3m followers

@nurlannasip_kg
nasaat.kg

2.5m followers

@nasaat.kg
nelya_nurkulova

2.3m followers

@nelya_nurkulova
almazshaadaev

1.3m followers

@almazshaadaev
asel.sydykova

1.3m followers

@asel.sydykova
super.kg_official

1.2m followers

@super.kg_official
maksat_dovranov

1.2m followers

@maksat_dovranov
dinara.bagyshbaeva

1.2m followers

@dinara.bagyshbaeva
omks_kg

1.1m followers

@omks_kg
nasaatmedia

1.1m followers

@nasaatmedia

Disclaimer

The data provides is not authorized by TikTok. We are not an official partner of TikTok.

Use of materials from the resource is permitted only with a link to our resource.

Copyright © 2024 insiflow.com