Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 2-январда Жаңы-Өзөн шаарында башталып, 4-январдан баштап бүтүндөй өлкөдө башталган нааразычылык акцияларынан улам күнүнө 2 гана сааттан уктаган. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Берик Уали билдиргенин аталган өлкөнүн басылмалары жазышты. "Ачыгын айткым келет, Касым-Жомарт Кемелевич Токаев 4-январда Мангыстау облусундагы митингдер масштабдуу болуп, өлкөнүн бардык аймактарына жайылып кеткенден бери Акордада өзүнүн иш ордунда. Ал кырдаалды турукташтыруу үчүн эң чечкиндүү чараларды көрүп, өлкөнүн башкаруу пультун колуна кармап турат. Өлкө башчысы бардык аймактарда акырындап конституциялык мыйзамдуулук калыбына келтирилип жатканын айтты. Ошондуктан өлкө үчүн оор мезгилде интенсивдүү иш тартибинде уктоого убакыт табуу абдан кыйын экенине ынандым. Менин оюмча Касым-Жомарт Кемелевич бул убакыт аралыгында орточо эсеп менен күнүнө 2 сааттан гана уктады", - деген ал. Эске сала кетсек, Казакстандын шаарларында наарзычылык акциялары 4-январда башталган. Митинг полиция менен кагылышууга жана тополоңго чейин жетти. Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, өкмөт отставкага кетти. Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуудан жалпы 164 адам каза болду.
January 10, 2022
Disclaimer
The data provides is not authorized by TikTok. We are not an official partner of TikTok.
Use of materials from the resource is permitted only with a link to our resource.
Contact