@super.kg_official

SUPER.KG

Kyrgyzstan
Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Казакстандагы кырдаал жана ал жактагы мекендештерибиз тууралуу пикирин Фейсбук баракчасына жазды. 

Анда Кыргыз жарандары башка өлкөдө саясий ички иш-чараларга катышып, башаламандык, талап-тоноочулукка таптакыр жолобой тургандыгын жана кошуна өлкөнүн тиешелүү органдарын ар кандай чагымчылдык аракеттен алыс болууга чакырган. 

Ошондой эле Викрам Рузахуновдун окуясы коомчулуктун көңүл борборунда болуп, бийликтин ыкчам аракети менен бошотулганын жана Викрам сыяктуу бейкүнөө айыпталып жаткан ар бир жараныбызды коргоп алуу милдети турганын жазган. 

“Казакстандын бир нече шаарларынан жарандарыбыз азыр да кайрылууда, окуя болгон күндөн тарта эле биз ТИМ, күч органдары менен байланыш түзүп берип, коопсуздукту камсыздоо боюнча колубуздан келгенче аракетибизди жасап келатабыз. Урматтуу Казакстанда эмгектенип, жашаган мекендештер, кандайдыр бир маселе жаралса ушул телефондорго чалыңыздар деп ТИМ маалымат таратты, түндүк тарапта болсо элчиликке, түштүк тарабында консулдукка. Бүгүн эле Шымкенттеги жарандарыбыздын үйүнө чейин келип, суракка алган факты боюнча да ТИМге жана ИИМге жибердим. 

Биздин мекендештер башка өлкөдө саясий ички иш-чараларга катышып, баш аламандык, талап-тоноочулукка таптакыр жолобойт. Алар ак ниеттүүлүк менен өз жумуштары менен гана алек. Керек болсо Кыргыз өлкөсүндөгү соңку ыңкылапта да бир дүкөн тонолгон жок. Ар кандай чагымчылдык аракеттен алыс болушса кошуна өлкөнүн тиешелүү органдары. Викрам Рузахуновдун окуясы буга далил, Викрам го атактуу музыкант болгону үчүн коомчулуктун көңүл борборунда болуп, биздин бийликтердин ыкчам аракети менен бошоду. Бирок азыр Викрам сыяктуу бейкүнөө айыпталып жаткан ар бир жараныбызды коргоп алуу милдети турат. Бир да жараныбыз жабыркабаш керек, бул үчүн өз ыйгарым укугубуздун алкагында аракетибиз токтобойт”, - деп жазган Акаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Казакстандагы кырдаал жана ал жактагы мекендештерибиз тууралуу пикирин Фейсбук баракчасына жазды. Анда Кыргыз жарандары башка өлкөдө саясий ички иш-чараларга катышып, башаламандык, талап-тоноочулукка таптакыр жолобой тургандыгын жана кошуна өлкөнүн тиешелүү органдарын ар кандай чагымчылдык аракеттен алыс болууга чакырган. Ошондой эле Викрам Рузахуновдун окуясы коомчулуктун көңүл борборунда болуп, бийликтин ыкчам аракети менен бошотулганын жана Викрам сыяктуу бейкүнөө айыпталып жаткан ар бир жараныбызды коргоп алуу милдети турганын жазган. “Казакстандын бир нече шаарларынан жарандарыбыз азыр да кайрылууда, окуя болгон күндөн тарта эле биз ТИМ, күч органдары менен байланыш түзүп берип, коопсуздукту камсыздоо боюнча колубуздан келгенче аракетибизди жасап келатабыз. Урматтуу Казакстанда эмгектенип, жашаган мекендештер, кандайдыр бир маселе жаралса ушул телефондорго чалыңыздар деп ТИМ маалымат таратты, түндүк тарапта болсо элчиликке, түштүк тарабында консулдукка. Бүгүн эле Шымкенттеги жарандарыбыздын үйүнө чейин келип, суракка алган факты боюнча да ТИМге жана ИИМге жибердим. Биздин мекендештер башка өлкөдө саясий ички иш-чараларга катышып, баш аламандык, талап-тоноочулукка таптакыр жолобойт. Алар ак ниеттүүлүк менен өз жумуштары менен гана алек. Керек болсо Кыргыз өлкөсүндөгү соңку ыңкылапта да бир дүкөн тонолгон жок. Ар кандай чагымчылдык аракеттен алыс болушса кошуна өлкөнүн тиешелүү органдары. Викрам Рузахуновдун окуясы буга далил, Викрам го атактуу музыкант болгону үчүн коомчулуктун көңүл борборунда болуп, биздин бийликтердин ыкчам аракети менен бошоду. Бирок азыр Викрам сыяктуу бейкүнөө айыпталып жаткан ар бир жараныбызды коргоп алуу милдети турат. Бир да жараныбыз жабыркабаш керек, бул үчүн өз ыйгарым укугубуздун алкагында аракетибиз токтобойт”, - деп жазган Акаев.

January 10, 2022

Disclaimer

The data provides is not authorized by TikTok. We are not an official partner of TikTok.

Use of materials from the resource is permitted only with a link to our resource.

Copyright © 2025 insiflow.com