@sputnik_kyrgyzstan

Sputnik Кыргызстан

Kyrgyzstan

Instagram posts and videos uploaded by sputnik_kyrgyzstan

sputnik_kyrgyzstan

🇷🇺🇺🇦 Россия менен Украина делегацияларынын Беларустагы кезектеги сүйлөшүүсү аяктады. Социалдык тармакка маалыматты алгачкылардан болуп Украина президентинин кеңсе жетекчисинин кеңешчиси Михаил Подоляк кабарлады. Анын айтымына караганда, гуманитардык коридорлор боюнча логистиканы жакшыртуу маселесинде жылыштар бар. Согуш отун токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр уланат, бүгүн бирок жыйынтык болгон жок. Россия президентинин жардамчысы Владимир Мединскийдин айтымында жолугушууда гуманитардык коридорлор көйгөйү узакка талкууланды. Ал эртеңден тарта аталган коридорлор иштей баштарына ишеним арткандыгын билдирди. "Украина тарап коридорлордун иштей баштары боюнча айтты", — деди Мединский. Бул сүйлөшүүдөн күткөн нерселер болбой калгандыгын, эми дагы уланарын, позитивдүү жагдай боюнча айтууга али эрте деген пикирин билдирди. Мединский РФтин делегациясы сүйлөшүүгө конкреттүү макулдашууларды, долбоорлорду жана сунуштарды алып келип, келишимге жетишилгени боюнча протоколго кол коюлат деген үмүт кылышканын да айтты. Бирок Украина тарап документтерди таанышуу үчүн алып кетип, эч нерсеге кол койгон эмес.

March 07, 2022

sputnik_kyrgyzstan

Эки бир тууган УКМК кызматкерине пара сунуштап кармалды Иши тергөөдө жүргөн адам жана анын бир тууганы УКМКнын кызматкерине пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады. Мурда ал чек ара аркылуу Казакстанга жалпы салмагы 11,51 кг баңгизат алып өтүүгө аракет кылганда колго түшүрүлгөн. Алгач анын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүмү ("Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо") менен козголгон кылмыш ишине оң чечим чыгаруу үчүн УКМК кызматкерине 30 000 доллар сунуштаганы кабарланды. "2022-жылдын 5-мартында жүргүзүлгөн атайын ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Коопсуздук комитетинин кызматкерине 2 миллион 745 миң сом жана 2 миң доллар пара берип жаткан учурда А.М.А. жана анын бир тууганы А.Н.А. кармалды", — деп айтылган таратылган билдирүүдө. Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

March 07, 2022

sputnik_kyrgyzstan

Президент Садыр Жапаровдун кайрылуусунан кийин алтын сатып алууга кызыккандардын саны арбыды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдирди. Эске салсак, 28-февралда мамлекет башчы дүйнөлүк рыноктогу кырдаалга байланыштуу билдирүү жасап, анда акчасы бар кыргызстандыктарды алтын сатып алууга чакырган. "Бүгүнкү күндө алтын куймаларынын бардык түрүн сатып алууга суроо-талап күчөдү. Президент элди колундагы каражатын алтынга инвестиция кылууга чакыргандан кийин сатып алуучулардын саны кескин өстү. Алты күндүн ичинде эле — 25-февралдан 4-мартка чейин (27-февраль дем алыш күнү сатылган эмес) Улуттук банк 1 863 куйма сатып, баасы 154,7 миллион сомду түздү", — деп айтылат маалыматта. Өлкөнүн башкы банкы үстүбүздөгү жылдын январь айында 400 миң сомго 16 гана алтын куймасы сатылганын белгиледи.

March 07, 2022

sputnik_kyrgyzstan

Россиянын өкмөтү РФке кастык мамиле жасаган мамлекеттердин тизмесин түздү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин буйругунда жазылганын РИА Новости кабарлады. Тизмеге кирген өлкөлөр: •Австралия; •Улуу Британия; •Европа биримдигиндеги мамлекеттер, •Исландия; •Канада; •Лихтенштейн; •Монако; •Жаңы Зеландия; •Норвегия; •Корея; •Сан-Марино; •Сингапур; •АКШ; •Тайвань; •Украина; •Черногория; •Швейцария; •Япония.

March 07, 2022

sputnik_kyrgyzstan

Улуттук банк жыл башынан 4-мартка чейин төрт жолу интервенция жүргүзүп, 225 миллион доллар саткан. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине өлкөнүн башкы банкынан кабарлады. Маалым болгондой, Улуттук банктын эл аралык резервинин көлөмү жетиштүү жана алдыда дагы алты айга жетет. 4-мартка карата Улуттук банктын эл аралык резерви 2 миллиард 760 миллион долларды түзөт. "Жыл башынан 4-мартка чейин акча алмаштыруу жайларындагы кырдаалдан улам Улуттук банк төрт жолу интервенция жасап, 225 миллион доллар саткан. Анын ичинен 26,8 миллион доллары накталай сатылган", — деп айтылат маалыматта. 4-мартта Улуттук банк 55 миллион 350 миң доллар сатканы белгилүү болду. Башкы банктын буга чейинки интервенциясы: ▪️12-январь — 70,1 миллион доллар; ▪️27-январь — 86,5 миллион доллар; ▪️24-февраль — 13 миллион 50 миң доллар.

March 07, 2022

sputnik_kyrgyzstan

Бишкектин чок ортосунда асфальттын оюлуп калган чуңкуруна автоунаанын дөңгөлөгү кирип кетти. Кырсык Токтогул менен Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Шаар мэриясы борбордук көчөдө чуңкур кандайча пайда болгону боюнча комментарий бере элек. © Видео: @bolotibragimov

March 07, 2022

sputnik_kyrgyzstan

Россия делегациясы Украина менен сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү раундун жүргүзүү үчүн Беларуска учуп кетти. Бул тууралуу Sputnik Беларусь Telegram-каналы кабарлады. Эске салсак, 24-февралдын таңынан тарта Украина — Россия мамилесиндеги кырдаал башкача өңүт алган. Украина тараптан ЛЭР менен ДЭРге карата аткылоонун аягы үзүлбөй, аталган республикалардын жетекчилери РФ лидери Владимир Путинден жардам сураган. Мындан улам Путин эртең менен элине кайрылып, Донбасста атайын операция өткөрүү чечимин кабыл алгандыгын жарыя кылган. Учурда Россия тараптын Украинаны демилитаризация жана денацификация операциясы жүрүп жатат. Россиянын Коргоо министрлиги, Куралдуу күчтөрү соккуну Украина тараптын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын билдиришти. Тилекке каршы, эки жактан тең курман болгондор, жаракат алгандар бар. Беларустун Брест облусунда Россия менен Украинанын сүйлөшүүлөрүнүн экинчи раунду болуп, анда тараптар бир катар гуманитардык маселелерди, анын ичинде жардам жеткирүү коридорлорун уюштуруу үчүн атышууну убактылуу токтотуу мүмкүнчүлүгүн макулдашкан. Кремль гуманитардык маселе боюнча жетишилген макулдашуунун маанилүүлүгүн белгилеген. Буга чейин Киев Россия менен сүйлөшүүнүн үчүнчү этабына даяр экенин билдирген.

March 07, 2022

sputnik_kyrgyzstan

Улан Жусупов Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен королдугундагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге караганда, аталган жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон. Эске салсак, буга чейин аталган кызматты Эдил Байсалов ээлеп келген. Ал министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болгондон бери Улуу Британиядагы элчинин ордуна бош болчу.

March 07, 2022

sputnik_kyrgyzstan

Мамлекет башчы Садыр Жапаров ар тармакта ийгилик жараткан аялдар менен жолукту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге караганда, жолугушууга биринчи айым Айгүл Жапарова да катышкан. Мамлекет башчы иш-чаранын катышуучуларын келе жаткан майрамы менен куттуктап, иштерине ийгилик, чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалап, жолугушууга өз кесибинин мыкты өкүлдөрү чакырылганын белгилеген. "Садыр Жапаров ар бир адамдын жашоосундагы эненин ордун жана мээримин баса белгилеп, алар эч качан ыйлабай, көздөрү бакытка толуп турушун каалады", — деп айтылат маалыматта. Жапаров эл арасында кадыр-баркка ээ болгон аялдарга президенттин энчилүү кол сааттарын тапшырган. Мамлекет башчы менен жолугушууга келгендердин арасында ишкер, мугалим, ветеринар, фельдшер, куткаруучулар бар.

March 07, 2022

sputnik_kyrgyzstan

Бишкектин Патрулдук милиция башкармалыгы автоунаага чаптамаларды, анын ичинде Z белгисин чаптап алуу эреже бузууга жата турганын эскертти. Маалыматка караганда, айдоочулардын мындай аракети "Эреже бузуу" жөнүндөгү кодекстин 194-беренесинин 1-бөлүмүнө каршы келет. Автоунаага мыйзамсыз түрдө чаптама чаптоого 5500 сом айып салынып, машина айып короого токтотулушу мүмкүн. Патрулдук милиция башкармалыгынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу билдиргендей, бир факты боюнча инспекторлор айдоочуга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Азырынча эч кимге айып салына элек. Белгилей кетсек, Бишкекте буга чейин Z белгисин коюп алган унаалар пайда болгон. Украинадагы атайын операциянын алкагында тартылган Россиянын аскердик техникаларына дал ушундай белги басылган.

March 07, 2022

sputnik_kyrgyzstan

Бишкекте Кыргыз-түрк достугу ооруканасы аялдарды маммографиядан акысыз өткөрөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге караганда, медициналык акция 7-марттан 11-мартка чейин уланат. Анда кыргыз жана түрк дарыгерлери аялдарга скрининг жана консультация жүргүзүшөт. "Медициналык кароодон өтүш үчүн алдын ала 0 997 650 000, 0 312 650 000 телефондоруна чалып, жазылуу керек", — деп айтылат маалыматта. Мындай акциялар жыл этегине чейин жасалып турары кошумчаланды.

March 07, 2022

sputnik_kyrgyzstan

Монголия хирургдары кыргызстандык эки баланын жүрөгүнө акысыз операция жасашты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге караганда, операция 21-22-февралда Улан-Батордогу клиникада жасалган. "Операция чыгымын толугу менен монгол тарап мойнуна алган. Балдар Кыргызстанга келип, аларды министр Алымкадыр Бейшеналиев тосуп алган. Учурда эки баланын тең абалы жакшы", — деп айтылат маалыматта. Министрликтин билдирмеси боюнча, монголиялык дарыгерлер Кыргызстанга февраль айынын башында келип, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын медициналык кароодон өткөрүп кеткен. Ушул сыяктуу дагы бир нече операция жасалары кошумчаланды.

March 07, 2022

Similar accounts

nurlannasip_kg

3m followers

@nurlannasip_kg
nasaat.kg

2.5m followers

@nasaat.kg
nelya_nurkulova

2.3m followers

@nelya_nurkulova
almazshaadaev

1.3m followers

@almazshaadaev
asel.sydykova

1.3m followers

@asel.sydykova
super.kg_official

1.2m followers

@super.kg_official
maksat_dovranov

1.2m followers

@maksat_dovranov
dinara.bagyshbaeva

1.2m followers

@dinara.bagyshbaeva
omks_kg

1.1m followers

@omks_kg
nasaatmedia

1.1m followers

@nasaatmedia

Disclaimer

The data provides is not authorized by TikTok. We are not an official partner of TikTok.

Use of materials from the resource is permitted only with a link to our resource.

Contact

office@insiflow.com

Copyright © 2024 insiflow.com