class="content__text" “Альянс” фракциясынын көчмө жыйынында конуштарды газдаштыруу маселесин эл менен бирге талкуулап, реалдуу сунуштарды бердик. Биз дайыма сын менен кошо маселени чечүү жолдорун сунуштайбыз жана натыйжа көрсөтүүнү көзөмөлдөйбүз. Ар дайым аракеттебиз! #Альянс @nilufar_alimzhanova16 @azamat_isirailov_
February 15, 2023
class="content__text" Дайыма биргебиз, Түркия! Боордош элибиздин аза кайгысын тең бөлүшөбүз. 🇰🇬🇹🇷 Her daim sizinleyiz, Türkiye! Kardeşlerimize baş sağlığı dileriz. 🇰🇬🇹🇷 Turkey, we are with you! We share the pain of loss together with our brothers. 🇰🇬🇹🇷
February 15, 2023
class="content__text" Соттордун катасынан же кайдыгерлигинен улам Орусиянын абактарынан кээ бир жарандарыбыз Кыргызстандын абактарына которула албай калганын даттанышкан. Жогорку Соттун төрагасына чет жерде түрмөлөрдө жаткан мекендештерибиздин тагдырына кайдыгер карабай, кол кабыш кылууга чакырдым.
February 15, 2023
class="content__text" Эркин Рыскулбеков бир гана талант эмес, кыргыздын сыймыктуу атуулу, мекенин сүйгөнүн иш жүзүндө далилдеп келаткан, боорукер, билимдүү, өнүгүп өссөк экен деп ак эткенден так эткен мыкты инсан! @ryskulbekov дайыма бар бол, ак тарапта келаткан жолун узак болсун! Туулган күн кут болсун, көп жаша!!!
February 08, 2023
class="content__text" Тарыхий инсандарды барктоо - боз үй тигип, жылкы союп, аш-той өткөрүү менен чектелбеши керек. Репрессияга курмандыктарын кеч болсо да актап, тарыхий бааны берип, мыйзамдык базаны бекемдешибиз керек. Парламенттик угууга келип берген илимпоз-тарыхчыларга, кайдыгер эместерге, жаштарга рахмат!
February 01, 2023
class="content__text" 24 жаштагы чырактай кызды сүзүп өлтүргөн мурдагы милиция кызматкерин шаардык сот дагы үй камагына калтырыптыр. Катаал жаза бергендин ордуна, аны бир күн да абакта калтырбай бошотуп жиберген судьялардын акылга сыйгыс чечими боюнча бүгүн да Жогорку сотко кайрылдым. ___________________________ Как вам известно, сегодня городской суд оставил в силе решение о домашнем аресте, обвиняемого в наезде со смертельным исходом 24 летней девушки. Вместо ограничения свободны в рамках уголовного дела, суд не заключив под стражу даже на 1 день, оставил на свободе человека который сбил девушку, не оказав помощи скрывался от правосудия. Сегодня я обратился в Верховный суд относительно действий судьи принявшего несправедливое решение.
February 01, 2023
class="content__text" Казакстандын Сенатынын Төрагасы Маулен Ашимбаевдын Бишкекке сапары аяктады. Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев эки тараптуу кызматташтыктын көп багыттарын сүйлөшүп, анын ичинде Казакстанда эмгектенген биздин жарандардын кирип-чыгуу боюнча жаңы эрежеси, анда биздин жарандарга жеңилдиктерди киргизүү маселесин да айтты. Өткөндө мен дал ушул көйгөйгө тынчсызданып, Жогорку Кеңеште көтөрдүм эле. Бүгүн казак кесиптештер менен баарлашуу учурунда да жаңы ишке кирип жаткан эреженин бир пунктун өзгөртүү зарылдыгын айттым. Буюрса, натыйжа болот деп ишенем. 🇰🇬🤝🇰🇿 Фото: Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата өткөрүлгөн форумдан.
January 25, 2023
class="content__text" Биздин ата-бабаларыбызды “басмачы”, “каракчы”, “бозгун” деп сүрөттөгөн түшүнүктү жокко чыгарышыбыз керек. Далай жылдар өтсө да, тарыхий чындыкты калыбына келтирүү миссиясын биздин муун аткарышы зарыл. Саясий репрессияга кабылып, атылып, соттолуп, айдалып, мүлкүнөн ажырап, зомбулукка кабылып, өлкөбүздүн эгемендиги үчүн күрөшкөн ата-бабаларыбызды мыйзамдуу актап, укуктук жана саясий туура баа беришибиз керек. Бул үчүн атайын мыйзам долбоорун сунуштадык. Анткени - бул тарых, келечек муунга сабак. @abdyvahap_nurbaev @mirlan_zheenchoroev @mirlan_samyikojo @esimdekg
January 22, 2023
class="content__text" Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Казакстанда эмгектенип жүргөн мекендештерибизди түйшөлткөн маселени көтөрдүм. Жакында парламент жана өкмөт аралык эки тараптуу жогорку деңгээлдеги жолугушуу өтөт. Анда Кыргызстандын жарандарына коюлган бул талаптарды жокко чыгаруу маселесин кабыргасынан коюуну сунуштадым. ___________________________________ Сегодня на заседании Жогорку Кенеша мною был поднят вопрос, который сейчас беспокоит всех Кыргызстанцев, находящихся в трудовой миграции. 17 января в республике Казахстан были изменены правила пребывания иностранных граждан, которые теперь по истечению 90 дней пребывания в Казахстане, смогут обратно въехать только через 180 дней. Я предложил Торага Жогорку Кенеша во время встречи со Спикером Мажилиса Казахстана обсудить данный вопрос и решить в положительном ключе, отменив эти требования для граждан Кыргызстана. Также в начале февраля состоится встреча Председателя кабинета министров со своим казахским визави, в ходе которого, по моему предложению, данный вопрос должен быть поставлен ребром.
January 22, 2023
class="content__text" Чырактай кызды сүзүп өлтүрсө, анан дароо аны ооруканага алып барбай, качып кеткен кишини сот үй камагына кое бериптир! Ушул кантип болсун?! 😡 Аны милиция 3-4 күндө видебайкоо аркылуу издеп кармаптыр. Айза Улан кызы болгону 24 жашта болгон, абдан билимдүү, милиция болууну эңсеген экен. Өмүр кыйылып жатса, катаал жаза ордуна үй камак. Свердлов райондук сотунун бул чечимин бүгүн Жогорку Кеңеште айттым, Жогорку Соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев көзөмөлүнө алды. Адилет каралат деп ишенип туралы.
January 22, 2023
Similar accounts
Disclaimer
The data provides is not authorized by TikTok. We are not an official partner of TikTok.
Use of materials from the resource is permitted only with a link to our resource.
Contact