class="content__text" Зилзаладан азап тарткан туугандарга кайрат, сабыр тилейбиз 🤲🏻 BAŞIN SAĞOLSUN TÜRKİYE! 🇰🇬🇹🇷🇰🇬🇹🇷🇰🇬🇹🇷🇰🇬🇹🇷🇰🇬🇹🇷🇰🇬🇹🇷🇰🇬🇹🇷 Sınav geldi Türk kardeşe kökü bir, Bu da ancak bu dünyanın derdidir. Yas tutarak duran halka her zaman, Kırgızların yürek sesi, hep birdir. Biz bir halkız, kanı bir, Ata-baba, canı bir. Bir Allah’a baş eğmiş, Sofrası bir, şanı bir. Yüzyıllardır yanyana, Nurla atan tanı bir. Zor günlerde tanı bir. @sultan_sadyraliev_official@myktybeknurlanbekov@meta_choirteam@aldaiarov_t
February 26, 2023
class="content__text" Биз алып барсак өткөндөрдү мүрзөгө, Бир күн келип бизди алып барышат. @akbar_kubanychbekov
February 26, 2023
class="content__text" Китеп окуп, акча тап!!! Байге фонду 700 000 сом! Китеп окуу маданиятын өнүктүрүү менен бирге диний сабатсыздыкты жоюу. Ата-бабаларыбыз кылымдар бою карманып келген салттуу Исламды (Ахлу сунна жолу) туура жеткирүү максатта “IQRA” ДОЛБООРУНУН АЛКАГЫНДА “ПАЙГАМБАРЫБЫЗ ТЫНЧТЫКТЫН ЖАРЧЫСЫ” АТТУУ IX РЕСПУБЛИКАЛЫК КИТЕП ОКУУ КОНКУРСУН жарыялайбыз. 1. Сынак төмөндөгү 3 китептин негизинде жүргүзүлөт: • “Мээрим пайгамбары Мухаммед алейхи салам” китеби. • “Азирети Айша (радиаллаху анха). Өмүр жолу жана исламдагы орду” китеби. • Орус тилдүү окурмандар үчүн “Совершенный человек” китеби. 2. Сынакка катышуу эрежелери: • Сынакка дүйнөнүн бардык жеринен катышса болот. (Умра сапарын утуп алгандар Кыргыз жараны болуусу шарт); • Сынакка катышуучулардын жашы чектелбейт; • Сынакка катышуу үчүн 2023-жылдын 20- апрелине чейин каттоодон өтүү керек; • Каттоо www.iqra.kg сайты жана тиркемеси аркылуу жүргүзүлөт; • Сынак 2023-жылдын 23- апрель күнү онлайн түрүндө өткөрүлөт. Уюштуруучулары: 1. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы. 2. “Адеп башаты” диний уюму. 3. “Дилазык” басма үйү. Жалпы байге 700 000 сом Эң негизгиси ар бир китептин 1-орун ээлеген жеңүүчүгө ZIYARAT KG тур агенттигинен умра жолдомосу. Окуңуздар утуңуздар.
February 26, 2023
class="content__text" Аллахым баардык апааттан сактагын 🤲🏻 түрк боордоштого арналат 🇰🇬🇹🇷 Сыноо келип түрк тууганга теги бир, Бул да болсо калп дүйнөнүн кемидир. Аза күтүп жаткан элге ар убак, Кыргыздардын жүрөк үнү - деми бир. Бизди коштойт чындыктар да, жалгандар, Ушу менен болбосо деп армандар. Жайып колду тилек айтып турабыз, Түркияда болсун жалаң ак таңдар. Биз бир элбиз каны бир, Ата-баба, жаны бир. Бир Аллага баш ийген, Дасторкондо наны бир. Кылымдардан жанашып, Кырдан чыккан таңы бир. Кыйын күндө таңы бир.
February 19, 2023
class="content__text" Жаштыгымдын жалын күнү азайды, Калгандарын жаркырата жашайлы…
February 05, 2023
class="content__text" Ыраазы болушубуз керек эле… Акыркы убакта көп байкачу болдум. Адамдардын көбү болбогон нерсеге нааразы ичинен кыжалат боло берет. Ушундай бир заман келди ата-эне балага, бала ата-энеге, бир тууган - бир тууганга, дос доско, аял күйөсүнө, күйөсү аялына, кошуналарына, жумуштагыларга, курчаган тааныштарга көрүшкөндө көбү калп күлүп, жасалма мамиледе. Жакшылыгыңа чындап сүйүнгөн, жаман күнүңө күкүрөктөн күйүнгөн адам азайып бараткандай. Маселе эмнеде??? Мамлекет башчыдан баштап, Магазиндеги эжеге чейин нааразы адамдар бар. Өзгөгө аз келгенсип, өзүнүн бул дүйнөгө келип калганына нааразылар коомдун эсин эки оодарып, мите курттай жеп баратат. Башкага ыраазы болбогон адам аягы өзүн да жек көрүү менен, эч нерсеге ыраазы болбой жашап өтөт окшойт. Жылмайган таңга, өпкөңө кирген абага, жүрөгүңдүн дүк-дүк деп согушунан денеге айланган канга, ойгонуп туруп көрктүү дүйнөнү көргөнүнө Жараткандын берген ар ирмемине ыраазы болбобон, эч нерсеге ыраазы болбосо керек… Негизи бул дүйнө ыраазы болуудан башталышы керек эле… Аллах баарыбыздын жакшы мүнөз, жакшы сөз, жакшы мамилебизден ыраазы болсун.
February 05, 2023
class="content__text" Бишкекте аба ыш, түтүн болгонунан суунун астына кирүүгө туура келди 😊 Деңиз дүйнөсүндө да “Жылдын мыкты балыгын” аныктап жатышыптыр) биякта деле өзүнчө баары мыкты экен… Эстен кетпеген Египет, Көңүлдөн өчпөгөн Кызыл деңиз болгону калды… 😉 @target.kg тур үчүн @nabq_tours_sharm чоң рахмат🙏✅
January 05, 2023
class="content__text" Америкадан башталган 2022 Африкадан аяктап баратат… Кудайга шүгүр🤲🏻
January 05, 2023
class="content__text" МАС АДАМ Бүгүн көзгө, бир мас адам урунду, Жаман көрдүм. Ичкен өңдүү жугунду. Билбей туруп сындап койдум ичимден, Кечир тууган, кайдан билем муңуңду? А балким сен ажырадың энеңден? Балким көрөөр күнүң калды ченелген? Көз жашыңды таштап келе жатасың, Жообун таппай бар сүйүүңө эленген. Балким жалгыз балаң менен коштоштуң? Балким сен да бирөөлөрдү боздоттуң? Чөгүп калган кезде баштан күйүткө, Аты бузук арак менен достоштуң? Балким бычак сайды колдоп тургандар? Балким жүзүн бурду колун сунгандар? Балким бузду жаратыңа туз себип, Ичсең жыргап каласың деп куйгандар! Балким тартып карызыңдын азабын, Көтөрө албай көр дүйнөнүн мазагын. Балким элдин алды болуп төгүлүп, Бар дүйнөңдүн баркын билбей жашадың? Ыр-күлкүдө өтсө дагы от күнүң, Балким сенин барар жериң жок бүгүн? Жылчык чыгаар карап көрчү өчпөстөн, Жан дүйнөңдүн толтургудай боштугун. Жол түгөнбөйт дагы далай шартың бар, Кудай үчүн колуң жайсаң баркың бар! Келчи тууган айтып берчи угайын, Кандай арман, кандай сенин дартың бар??? Видео: Төлөмүш Океевдин “Улан” кинотасмасынан алынды Студия жана видео менен көркөмдөгөн идеялаштар @zambirek@azat_muratov@kurmanzhi
November 05, 2022
class="content__text" Той бул меймандар үчүн дасторкондун четиндеги чоң - МЕКТЕП. Тамада 5 саат сабак өткөн мугалим сыяктуу. Мугалимди туура тандоо керек деп акылдуу болбой эле коёюн ээ, ансыз деле акылдуулар аябай көп заманда жашап жатабыз го 😌🙃😊
November 05, 2022
Similar accounts
Disclaimer
The data provides is not authorized by TikTok. We are not an official partner of TikTok.
Use of materials from the resource is permitted only with a link to our resource.
Contact